ОЙ-ПИКИРЛЕР
«Алтын көпүрө» кыргыз тили окуу китебине негизделген аралыктан кыргыз тилин окутуу сайты эл аралык стандарттар жана санарип технологиялар аркылуу кыргыз тилин үйрөтүү жана жайылтуу методикалык комплекси болуп саналат.
Проф., докт. Асылбек Кулмырзаев
«Алтын кɵпүрɵ аралыктан Кыргыз тилин үйрɵтүү» долбоору окуу жайыбыздын тынбай узак мɵɵнɵт ичинде иштеген окутуучулар жамаатынын, техникалык жактан тейлеген кызматкерлердин, студенттерибиздин чоӊ эмгеги. Долбоордун ишке ашуусуна салым кошкондордун баарына тереӊ ыраазычылык билдирем.
Ф.и.к. доцент Таалайбек Абдиев
Долбоорго колдоо кɵрсɵткɵн университеттин жалпы жетекчилигине, ошондой эле жан үрɵп иштеген окутуучуларыбызга жана сүйүктүү студенттерибизге тереӊ ыраазычылык билдиребиз.
Aга окутуучу Мухиддин Гүмүш
КАБАРЛАР
-
10.04.2019
ОКУУ КИТЕПТЕРИ -
10.04.2019
ВИДЕО -
10.04.2019
КАМКОРЧУЛАР ТОБУНА СУНУШ
Кыргыз тили майрамы
Кыргызстанда акыркы жылдары бардык мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери кыргыз тилин сɵзсүз билиши керек деген мыйзам кабыл алынды. Мына ушундан улам Кыргыз тилин үйрɵтүү боюнча жаӊычыл усул-ыкмалардын негизинде программаларды иштеп чыгуу керек болду. Мамлекеттик кызматта иштеп, бирок кыргыз тилин тиешелүү деӊгээлде билбегендер атайын Кыргыз тили курстарына барууга убактысы болбогонун айтышууда. Биздин долбоор ар бир тил үйрɵнүүчүгɵ ɵз алдынча кыргыз тилин үйрɵнүүгɵ мүмкүнчүлүк түзүү максатын кɵздɵйт.
Долбоорго колдоо кɵрсɵткɵн университеттин жалпы жетекчилигине, ошондой эле жан үрɵп иштеген окутуучуларыбызга жана сүйүктүү студенттерибизге тереӊ ыраазычылык билдиребиз.